Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №158 /XXV-27
Турак жай салууга жер тилкесин трансформациялоого тийиштүү документтерди дайындоо тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө
“Турак жай салууга жер тилкесин трансформациялоого тийиштүү документтерди дайындоо тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө” Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы Т.Чолпонбаевтин сунушун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай салууга жер тилкесин трансформациялоого тийиштүү документтерди дайындоо тапшырмасы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Ж.Чикеевке жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Ж.Чикеевке жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |