Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №159 /XXV-27
Жайыт комитетинин отчёту
Ысык-Ата айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Жүндүбаев А.А. “2019-жылы жайыт комитетинин отчету жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылдагы отчету жөнүндө Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Жүндүбаев А.А. билдирүүсү көңүлгө алынсын. Билдирүүсү тиркелет.
2. Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.А.Жүндүбаевтин отчету “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
3. Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылдагы жайыт салыгынын планын аткаруудагы кемчиликтер бир айлык мөөнөттө жоюлсун. Жооптуу: Жүндүбаев А.А.
4. Ысык-Ата айыл аймагында жайыт салыгын чогултуу милдети айыл башчыларга тийиштүү укуктары менен өткөрүлүп, милдеттендирилсин, жайыт комитетинин төрагасынан жайыт салыгын чогултуу жоопкерчилиги алынбасын.Жооптуу: жайыт комитетинин төрагасы Жүндүбаев А.А. жана айыл башчылар.
5. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия жана социалдык иштер, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |