Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №175/XXVII-27
2019-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы жөнүндө 22-Элдик Курултайдын №1 чечимин бекитүү жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү 22-Элдик Курултайдын №2 чечимин бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин 2019-жылдагы аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчетун жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жамаатынын 22-Элдик Курултайында каралган Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин 2019-жылдагы аймакты социалдык—экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчету жана 22-Элдик курултайдын №1 чечими бекитилсин.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жамаатынын 22-Элдик Курултайында каралган Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жана 22-Элдик Курултайдын №2 чечими бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевке жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тиркелет: 22-Элдик Курултайдын №1,№2 чечими.
Төрага | Т. Чолпонбаев |