Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2
Ысык-Ата айыл аймагынын 2020 - жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш- чараларын бекитүү жөнүндө
1. Ысык- Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын долбоору жактырылсын жана аны бекитүү үчүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин сессиясына жиберилсин. (Долбоор тиркелет).
2. Ысык- Ата айыл өкмөтүнүн башчысы, анын аппараты, айыл аймактагы мекемелердин жетекчилери, дыйкан жана фермердик чарба жетекчилери, ишкерлер, ошондой эле бардык айыл тургундары аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча 2020-жылга түзүлгөн программасын аткарууда өзгөчө төмөндөгүлөргө
КӨҢҮЛ БУРСУН:
- Бюджеттик акча каражаттарын багыттуу пайдаланууга;
- Ысык-Ата айыл аймагынын бардык социалдык инфраструктурасынын
материалдык-техникалык базасын жакшыртууга: анын ичинен:
-Дене-тарбия жана спорт боюнча спорттук курулмаларды салууга, кеңейтүүгө
- мектептердин, ФАПтардын,ҮБДТнун, клубдардын жана китепканалардын иштерин жакшыртууга;
- Ар бир айылды иретке келтирүүгө, жашылдандырууга, санитардык абалын жакшыртууга, ушул жумуштарга бардык жашоочуларды мобилизациялоого;
-Айылдарды ичкен таза суу менен камсыз кылууга;
-“Жол коопсуздугу” програмасынын алкагында айылдардагы жолдорду кезектеги жана капиталдык оңдоого, көчөлөрдөгү түнкү жарыктандырууну камсыз кылууга;
-Айылдардын турак-жай фондусун түзүү максатта айылдардагы жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга, муниципалдык менчиктеги мекемелерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө;
- Ишкердүүлүктү жана Туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө; инвестициялар боюнча багыттуу иш алып барууга;
- Социалдык тармакта:
-жакырчылыкты азайтууга жана турмушу начар, көп балалуу, багар-көрөрү жок үй- бүлөлөргө, ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу жардамдарды берүүгө;
-балдардын өсүшүнө жана бош убактыларын коопсуз өткөрүүгө шарт түзүп берүү;
-коомдук тартипти сактоого, тартип бузбоо боюнча алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүүгө, коомдук алдын алуу борборунун ишин колдоого;
-диний экстремизмди болтурбоо үчүн алдын ала чара көрүүгө;
Айыл өкмөтү, айылдык Кенештин депутаттары, айыл аймактагы мекемелердин жетекчилери, ишкерлер социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышына ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Чикеев Самат Жарашбековичке тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
ХXII Элдик Курултайынын төрагасы Т.Чолпонбаев
Элдик Курултайдын катчысы Ж.Тентимишова