Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №176/XXVII-27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №65 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин акысын төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” токтомун кароо жана каражат булагын караштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №65 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин акысын төлөө шарттары жөнүндөгү” токтомун кароо жана каражат булагын караштыруу жөнүндө маселени угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом
КАБЫЛ АЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №65 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин акысын төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна каражат булагы жок болгондугуна байланыштуу макул эмес.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Чолпонбаев |