Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы №167 /XXVI-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2020-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2020-2022- жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүн божомолун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 89-беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн « Кезектеги 2020-2022- жылдарга бюджеттик божомолун» карап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 6099,5мин.сомго жана тегиздөөчү гранды 3173,2мин сомго бекитилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн божомол долбоору 6478,5мин.сомго жана тегиздөөчү гранды 3161,5мин сомго бекитилсин.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн божомол долбоору 6607,5мин.сомго жана тегиздөөчү гранды 3127,2мин сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |