Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы №169/XXVI-27
2019-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чараларын бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Чикеевтин 2019-жылдагы аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчетун жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Чикеевтин ишине “канаатандырарлык” баа берилсин жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Ж.Чикеевке жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тиркелет:
2019-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Чикеевтин билдирүүсү жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.
Төрага | Т. Чолпонбаев |