Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-августу №29-27\4
Аялдаманы алмаштыруу жөнүндө
Жаран Меделкан уулу Кубаттын Жаңы-Жер айылынын борборундагы аялдаманы заманбап аялдамага орнотулган павильон менен алмаштыруу жана жакшыртуу жөнүндөгү арыздарын карап чыгып жана талкуулап Жаны-Жер айылдык кенешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Меделкан уулу Кубатка Жаңы-Жер айылынын борборундагы аялдаманы заманбап аялдамага орнотулган павильон менен алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Аялдаманы алмаштыруу маселесин карап чыгуу үчүн ДЭП 39 өтүнүч каты жөнөтүлсүн.
3. Жаран Меделкан уулу Кубат, демонтаждоо иштери жана аялдаманы алмаштыруу иштери башталганга чейин, бардык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана өнөр жай министрлигинин алдындагы ДЭП №39 жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы менен макулдашуу зарыл. Мыйзамда белгиленген тартипте Сокулук районунун Ш жана АББдан курулушка уруксат алынсын.
Төрага | А.М. Бердигулов |