Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 141/ ХXIII -27
2020-жылдын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 31-б. негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-б. ылайык 2020-жылдын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө Ак-Кудук айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин чыгашалары акча каражатын бөлүү ресурсу, каралган беренелер жана бөлүмдөр боюнча так максаттар жана тапшырмалар коюлуп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталганын белгилейт. Айыл өкмөтүнүн бюджети бюджеттик угууда толук талкууланды. Бюджет жана каржы комиссиясынын жыйынында сунуштар, айтылган сын-пикирлер менен бюджеттик долбоорго өзгөртүүлөр киргизилди ак-кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Кудук айыл өкмөтүүнүүн каржы-экономикалык бөлүмү тарабынан берилген 2020-жылдын бюджети бекитилсин:
киреше бөлүгү боюнча – 16348,8 миң сом.
чыгаша бөлүгү боюнча- 16348,8 миң сом.
Аны менен катар бюджеттик эсеп боюнча 15148,8 миң сом:
-аппарат – 3569,1 миң сом.
- коомдук тартип – 23,4 миң сом.
-ТЖКЧ – 3706,5 миң сом.
-китепканалар – 474,1 миң сом.
-клубдар – 1229,2 миң сом.
-бала бакчалар– 1733,0 миң сом.
-мектептер –3606,5 миң сом.
- соц.камсыздоо – 800,0 миң сом.
- жайыт комитет – 7,0 миң сом.
Аны менен катар атайын эсеп боюнча 1200,0 мин сом
-бала бакчалар – 1200,0 миң сом.
3. 2019-жылы каржыланбаган чыгымдар 2020-жылдын бюджетинде каралган эсептин жана ассигнованиянын чегинде ордун толтуруу бекитилсин.
4. Муниципалдык уюмдар жана мекемелер казына системасынан өтүп бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалануусуна тыюу салынсын.
5. Айыл өкмөт башчысына кирешенин болжолдуу үстүнө түшүүсүнүн эсебинен, кирешени чыгашанын үстүнөн көтөрүүдө айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
6. Каржы-экономикалык бөлүмү бюджетти аткарууда киреше бөлүгүн ашыгы менен аткарылган учурда бул каражатты КРнын Өкмөтү тарабынан коюлган социалдык маселелерди чечүү, тактап айтканда улуттук жана мамлекеттик программаларды, КР Өкмөтүнүн токтомдорун, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, айылдык кеңештин токтомдорун ишке ашыруу муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо, коммуналдык тейлөө боюнча карыздарды жоюу, өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу, ЖӨБО убактылуу каржылык жардам көрсөтүү, ошондой эле жана башка керектүү нерселерди алуу жана чыгымдарды жабууга колдонууну караштырсын.
7. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртуу максатында түшкөн арыздардын чегинде жана турмуш-тиричилик шартын карап чыгып 1000 сомдон 5000 сомго чейин материалдык жардам көрсөтүлсүн. Тиричилик абалынын татаалдыгына карата абалына жараша каржылоо жогорулатылсын.
8. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын ишине түрткү берүү максатында киреше боюнча планды ашырууда күнүнө 100 сом тамак-ашына төлөнүп берилсин.
9.Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына ата-энелер төгүмүнөн күнүнө тамак-ашка 60 сомдон ченем бекитилсин.
10. 2021-жылга киреше жана чыгаша боюнча 17337,8 миң сом, 2022-жылга киреше жана чыгаша боюнча 17807,8 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
11. Кассалык айлануу каражатынын турушу 100,0 миң сом болуп бекитилсин.
12. Штаттык жүгүртмөгө ылайык айлык маянанын лимиттик фонду бекитилсин.
13. №1-4-тиркемеге ылайык штаттык жүгүртмө бекитилсин.
14. 2020-жылга сатып алуу планы бекитилсин.
16.Ичүүчү сууну берүү үчүн насостук станциянын электрэнергиясын колдонууга төлөм акысы 2020-жылдын бюджеттик каражатынан жүргүзүлөт.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жана айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |
|