Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 30-декабры № 142/ ХXIII -27
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жарандарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси З.Муратованын “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык тейлөөнүн негизи жөнүндө» Мыйзамынын 11-б. негизинде арыз менен кайрылган Ак-кудук айыл аймагынын жарандарына «Материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арыз менен кайрылган жарандарга тиркемеге ылайык төмөнкү категориядагы жарандарга бекитилген тариф менен материалдык жардам көрсөтүлсүн:
-УАМ согуштун катышуучуларына жана жесирлерине –5000 сом.
-оорук эмгекчилерине-5000 сом.
-башка өлкөнүн аймагында катышкан аскер кызматкерлерине –2000 сом.
-ЧАЭСнын катышуучуларына жана жабырлануучуларына–2000 сом.
- көрүү жана угуу боюнча 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге - 5000 сом, 2-топтогуларга-3000 сом.
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө –4000 сом.
- жашы жете элек балдары бар “Баатыр энелерге” -5000 сом (6 жашы жете элек балдары бар).
-1,2-топтогу майыптарга: 1-топ – 5000 сом, 2-топ -3000 сом.
- 18 жашка чейинки жетим балдарды баккан ата-эне, багуучуларга -3000 сом.
- социалдык паспорту бар үй-бүлөлөргө -3000 сом.
2. Көмүр алууга материалдык жардам көрсөтүүгө арыз менен кайрылган жарандарга 5000 сом өлчөмүндө каражат бекитилип, төмөнкү жарандарга берилсин:
- УАМ согуштун катышуучуларына жана жесирлерине;
-оорук эмгекчилерине;
- башка өлкөнүн аймагында катышкан аскер кызматкерлерине;
- ЧАЭСнун катышуучуларына жана жабырлануучуларына;
- көрүү жана угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерге;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө;
- жашы жете элек балдары бар “Баатыр энелерге”;
-18 жашка чейинки жетим балдарды баккан ата-эне, багуучуларга;
- социалдык паспорту бар үй-бүлөлөргө.
3. Социалдык маселелер боюнча комиссия өз учурунда жогоруда көрсөтүлгөн категориялар боюнча материалдык жардам сурап кайрылган арыздарды карайт, биринчи кезекте арыздануучунун керектелүүчү муктаждыгынын деңгээлин карайт жана материалдык жардам берүүгө же материалдык жардам берүүдөн баш тартуу боюнча чечим чыгарат.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө мыйзамдуулук, тартип сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |