Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 30-декабры № 146/ ХXIII -27
“Ак-Кудук айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосундагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишимин бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосундагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишимин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосундагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдраевге жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |