Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 149/ ХXIII -27
Долбоорду каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Э.Каликуловдун “Айыл инвестициясынын долбоору жөнүндө” (ПСИ-3) жана билим берүү уюмдары үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алуу үчүн, мекетепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн оюн аянтчаларын калыбына келтирүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү уюмдары үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 95 625 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Мекетепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн оюн аянтчаларын калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 52 210 сом өлчөмдө акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү О.М. Рагулинге жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |