Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 30-декабры № 150/ ХXIII -27
Ак-Кудук айыл аймагынын 2020 жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү иш чараларынын планын бекитүү
“2019 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” жана “2020 жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө ” Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап план толугу менен аткарылгандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт.
2020 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планына айылдарды абаттоо, дренаждык тарамдарды жана жолдорду тазалоо жана аймактын көйгөйлөрүн чечүү каралган. Ак Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Кудук айыл аймагынын 2020 жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2020 жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.
4. Жаңы иш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |