Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13 сентябры № 127/XX -27
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Кудук айылынын жашоочусу М.Войскановдун арызын жана Ысык-Ата районунун Канттагы өспүрүм балдардын спорттук мектебинин башчысынын орун басары Г.Лебедевдин Тюмень облусунда, Ханты-Мансийский округунда өткөрүлүүчү турнирге чакырылган Ак-Кудук айылынын тургуну, Ысык-Ата районундагы мушташуу бөлүмүнүн машыктыруучусу М.Войскановго авиабилетин алуу үчүн 30000 (отуз миң) сом демөөрчүлүк жардам сурап кайрылган сураныч катын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Машыктуруучу Войсканов Малик Милисовичти спорттун бокс түрү боюнча машыктыруучу окуу-жыйынга жөнөтүлсүн.
2. Ак-Кудук айылынын тургуну машыктыруучу М.Войскановго авиабилетин алуу үчүн 30000 (отуз миң) сом демөөрчүлүк жардам көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |