Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №40
Чапаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн башчысы сунуштаган 2018-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36 жана 37-бренелерине, 47-берененин 2-пунктуна жана 50-берененин 2-пунктуна ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата кирешеси боюнча суммасы 4880,4 миң сомду жана чыгашасы боюнча 4880,4 миң сомду, ошондой эле атайын каражаттын кирешеси жана чыгашасы боюнча 10,0 миң сомду түзгөн бюджети бекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкүдөй түрдөгү түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн:
- салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 1652,0 миң сом |
- чакан ишкердик субъекттин бирдиктүү салыгы | 40 миң сом |
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 110,0 миң сом |
- кыймылсыз мүлккө болгон салык | 10,0 миң сом |
- кыймылдуу мүлккө болгон салык | 235,0 миң сом |
- короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгы |
50,0 миң сом |
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
1100,0 миң сом |
- айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
258,0 миң сом |
- соодага карата салык | 12,0 миң сом |
- жер казынасын пайдалануу салыгы (роялти) | 12,0 миң сом |
- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм |
340,0 миң сом |
- калктуу конуштарындагы жерлерди ижарага ьергендиги үчүн төлөм | 33,0 миң сом |
- АЧЖМФнун жерлердин ижарасын төлөө | 600,0 миң сом |
- таштандыларды чогултуу жана алып кетүү | 0,5 миң сом |
-теңөө гранттары | 427,9 миң сом |
Бюджет боюнча бардык кирешелер | 4880,4 миң сом |
Атайын каражат боюнча - акы төлөнгөн кызмат көрсөтүү үчүн төлөм |
10,0 миң сом |
Жалпы кирешелер |
4890,4 миң сом |
3. 2018-жылга карата күндөлүк чыгымдарды каржылоо каражаттары бюджеттик квалифкациянын тобу боюнча төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- аткаруу органы (аппарат) | 2879,1 миң сом |
- жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чаралар |
30 миң сом |
- башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер |
120,0 миң сом |
- башка турак жай-коммуналдык кызматтар | 20,0 миң сом |
- клуб | 485,3 миң сом |
- китепкана | 193,5 миң сом |
- маданият боюнча башка иш-чаралар | 110,0 миң сом |
Орто билим берүү |
|
- Спартак о.м. | 668,5 миң сом |
- Красный Пахарь б.о.м. | 234,0 миң сом |
- интернаттык түрдөгү мекемелер аркылуу эмес көрсөтүлгөн социалдык коргоо кызматтары |
140,0 миң сом |
Бюджет боюнча бардык чыгашалар | 4880,4 миң сом |
Атайын каражаттар боюнча |
|
- аткаруу органы (аппарат) | 10,0 миң сом |
|
|
Жалпы чыгашалар | 4890,4 миң сом |
4. Максаттуу эмес багыт боюнча бюджеттик каражаттарды чыгымдоо үчүн жоопту жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартылаары белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга карата чыгашаларын каржылоо накталай келип түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин, ошол эле учурда корголгон статьялар боюнча кызмат акы, социалдык фондко чегерүү, коммуналдык кызматтарды төлөө биринчи кезекте каржыланат.
6. Жергиликтүү бюджет боюнча чыгымдоо сметасына эсеп-кысап 4890,4 миң сом суммада каралып, бекитилгендиги эске алынсын.
7. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик мекемелердин жетекчилери 2 жуманын ичинде индивидуалдуу чыгымдоо сметасын түзсүн жана каржылоо тартибин бекемдөө боюнча чара көрүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөттүн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү 140,0 миң сом суммасында бекитилсин.
9. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
11. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |