Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №41
Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик каражат боюнча 1201,0 миң сомду жана атайын каражат боюнча 5800 сомду бөлүштүрүү зарылдыгана байланыштуу, бюджеттик жана атайын каражаттарды рационалдуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы М.М.Султаналиеванын айтылган маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36-37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январына карата бюджеттик каражат боюнча бош калган 1201,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:
- аткаруу органы (аппарат) | 155,0 миң сом |
- жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чаралар |
40 миң сом |
- турак жай-коммуналдык чарбасы (генплан) | 300,0 миң сом |
- «Спартак» о.м. | 80,0 миң сом |
- башка турак жай-коммуналдык чарбасы | 626,0 миң сом |
Бардыгы | 1201,0 миң сом |
2. 2018-жылдын 1-январына карата атайын каражат боюнча бош калган 5800 сом төмөнкү бөлүмдүн чыгашасына багытталсын:
- аткаруу органы (аппарат) | 5800 сом |
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |