Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №42
Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна жана 37-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата штаттык саны 12 бирдикте, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлер - 2 бирдикте бекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата штаттык ырааттамасы бекитилсин.
3. Клубтардын штаттык саны 5,0 бирдик санында бекитилсин.
4. Китепканалардын штаттык саны 2,5 бирдик санында бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 12-октябрындагы №01-24/166 буйругу менен бекитилген Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобосуна ылайык айыл өкмөтү Чапаев айылдык кеңешинин төрагасына бир жолку компенсация төлөсүн.
6. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
8. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |