Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №43
Чапаев айыл аймагынын Маловодное айылында жайгашкан жер участогун белгилеп бекитүү жөнүндө
1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта фашизмдин үстүнөн болгон Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин көңүлгө алып, кыргызстандык-жоокерлердин ченемсиз баатырдыгына терең таазим этүү, Ата-Журтту коргоодо көрсөткөн эрдигине жана баатырдыгына ыраазычылык билдирүү менен, Маловодное айылынын өсүп келе жаткан муунун Мекенине берилгендиктин жана сүйүүнүн деминде патриоттук тарбия берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузуу үчүн айыл өкмөтүнө, Маловодное айылынын Сатаев көчөсүнүн №н/ж жерде жайгашкан, жалпы аянты 20 кв.м жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) белгиленип бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун Москва районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |