Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-апрели № 56
Каналдарды куруу үчүн жер участокторун чектеп берүү жөнүндө
Суу чарба объектилерин куруу дирекциясынын 2018-жылдын 13-февралындагы №23 каналдарды куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун жана айыл өкмөттүн бул маселе боюнча сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу чарба объектилерин куруу дирекциясына каналдарды куруу үчүн жер участокторун чектеп берүү тууралуу сунушуна макулдук берилсин, анын ичинде:
1.1. каналдардын тилкеси үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) - жалпы аянты 41,9 га;
1.2. каналдарды куруу мезгилинде беш жылдык пайдалануу мөөнөтү менен - жалпы аянты 37 га.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |