Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 59
Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө
Чапаев айыл аймагы боюнча СКЗнын төрайымы Д.Т.Казыбаеванын Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна, 32,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин Спартак жана Маловодное айылдардын аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө чечимин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдин соода-сатуу ишканалар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн айылдык кеңештин төмөнкүдөй убактылуу комиссиялары түзүлсүн:
1.1. Спартак айылы боюнча кийинкидей курамда:
- комиссиянын төрайымы: | Д.Т.К азыбаева; |
- комиссиянын мүчөлөрү: | 1) С.Тилейбекова; |
| 2) К.Ж. Иманкулов; |
| 3) У.С. Айдакеева; |
| 4) Э.Б.Колубекова; |
| 5) МАБнүн кызматкери (макулдашуу боюнча). |
1.2. Маловодное айылы боюнча кийинкидей курамда:
- комиссиянын төрайымы: | К.Акимова; |
- комиссиянын мүчөлөрү: | 1) Б.Ж.Батраков; |
| 2) К.Ж.Иманкулов; |
| 3) Р.М.Нурсеитов; |
| 4) А.Чинарбек уулу; |
| 5) МАБнүн кызматкери (макулдашуу боюнча). |
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |