Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 60
Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатууну чектөө жөнүндө
Чапаев айыл аймагы боюнча СКЗнын төрайымы Д.Т.Казыбаеванын он сегиз жашка чыга элек адамдарга алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки заттардын зыян экендиги жөнүндө сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна, 32,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чапаев айыл аймагында кечки саат 20-00дөн эртең мененки саат 08-00го чейин алкоголдук ичимликтерди сатууга тыюу салынсын.
2. Алкогол ичимдиктерин, пиво, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерин, тамеки жана тамеки заттарын (анын ичинде насывай) он сегиз жашка чыга элек адамдарга сатууга тыюу салынсын.
3. Айыл өкмөтү жана ушул токтомду ишке ашырууга жана аткарылуусун көзөмөлдөөгө катышуу үчүн түзүлгөн Спартак жана Маловодное айылдары боюнча убактылуу комиссиялары соода-сатуу ишканаларына төмөнкүдөй укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчилик бар экендики тууралуу маалыматты жеткирсин:
- он сегиз жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияларды, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатуу үчүн (АЖжКтин 92-1- беренеси);
- алкогол ичимдиктери, пиво, тамеки жана тамеки заттары, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктер сатылуучу жерлерге аларды он сегиз жашка чыга элек адамдарга сатууга тыюу салынгандыгы жөнүндө эскертүүлөрдү илбегендиги үчүн (АЖжКтин 294-1- беренеси).
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге тапшырылсын.
6. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө чечимин ишке ашырууга катышуу, ал чечимдин соода-сатуу ишканалар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлгөн айылдык кеңештин Спартак жана Маловодное айылдары боюнча убактылуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |