Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-сентябры № 62
№7296, 7297 участкалык шайлоо комиссияларынын курамындагы Чапаев айыл кеңешинин өкүлдөрүн бекитүү жөнүндө
Чапаев айыл аймагы боюнча №7296, 7297 участкалык шайлоо комиссияларынын курамындагы Чапаев айыл кеңешинин өкүлдөрүнө талапкерлерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 32,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №7296, 7297 участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары-УШК) курамындагы Чапаев айыл кеңешинин өкүлдөрү болуп төмөнкү аталган жарандар бекитилсин:
- курамында:
№7296 УШКсы 1) З.Б.Алтымышбаева 2) А.М.Айдарова 3) Т.В.Скачкова 4) Н.Н.Болысбаева 5) А.Н.Сейильбекова 6) А.А Кыдыргычева. 7) И.Т.Айтназаров 8) А.А.Байсульдаев 9) Д.Б.Ирбулатова | №7297 УШКсы 1) М.Т.Алмурзаева 2) К.Акимова 3) А.С.Алмурзаева 4) И.Т.Мамырбаев 5) Ж.О.Мадилова 6) Чинарбек уулу А. 7) Р.М.Нурсеитов |
- резевдик курамда:
№7296 УШКсы 1) К.Т.Балбакова 2) Д.К.Шералиева 3) Н.Столбина 4) А.С.Раимбекова 5) И.З.Хамитов 6) Б.К.Ирбулатов 7) Б.Д.Балтабаева | №7297 УШКсы 1) К.А.Алманиязов 2. А.А.Акматова 3) Р.К.Джумакеева 4) Эльмис кызы Айдай 5) Б.Назарова |
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү, ага Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктук ченемдик актылары менен белгиленген документтерди тиркеп, белгиленген тартипте УШКнын курамын түзүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |