Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-сентябры ПЖ № 419 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө Финансы рыногун реформалоону жигердештирүү, республиканын финансысистемасынын ишин өркүндөтүү жана анын туруктуулугун колдоо жана мамле-кеттик жөнгө салууну жана банктык эмес финансы мекемелеринин ишине, ба-алуу кагаздар рыногуна, финансылык отчеттуулук стандарттарына жана ау-дитордук ишке көзөмөлдүк кылууну андан ары күчөтүү боюнча чараларды жа-на финансылык рынок үчүн тийиштүү ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуумаксатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 42- жа-на 46-статьяларына ылайык жана мыйзамдык жөнгө салууга чейин токтом кы-лам: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногубоюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Финансылык отчеттуулуктук стандарттары жана аудит боюнча мамлекет-тик комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининбанктык эмес финансы секторун өнүктүрүү боюнча Агентствонун базасындаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчет-туулук боюнча мамлекеттик агенттик түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жа-на отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - агенттик) Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнчамамлекеттик комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Фи-нансылык отчечтуулуктук стандарттары жана аудит боюнча мамлекеттик ко-миссиянын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин банкттыкэмес финансы секторун өнүктүрүү боюнча Агентствонун укук мурастоочу бо-луп санала тургандыгы белгиленсин. 3. Агенттиктин негизги милдеттери жана функциялары болуптөмөнкүлөр аныкталсын: - мамлекеттик жөнгө салуу, баалуу кагаздар рыногуна, банктык эмесфинансы мекемелеринин ишине, бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук-тун эларалык стандарттарына жана аудитордук ишке көзөмөлдүк кылуу; - баалуу кагаздардын рыногунда мамлекеттик бирдиктүү саясаттыжүргүзүү, баалуу кагаздардын эмитенттеринин, баалуу кагаздардын рыногу-нун кесипкой катышуучуларынын ишине контролдук кылуу жана жөнгө салуу,инвесторлордун жана акционерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу; - мамлекеттик финансы-экономикалык саясатты жана банктык эмес фи-нансы секторун өнүктүрүү стратегиясын жүргүзүү; - бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандартта-рына өтүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, ошондой элеаудитордук ишти жөнгө салуу. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - бир айлык мөөнөттө агенттик жөнүндө Жобону, анын түзүмүн жанаштаттык санын иштеп чыксын жана бекитсин; - эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финан-сылык жана башка маселелерди, анын ичинде бошогон кызматкерлерди ишкеорноштуруу маселесин чечсин; - үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзам актыла-рына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү жөнүндө сунушту иштеп чыксын; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрында-гы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра түзүүжөнүндөгү"
Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 3-пункттун "б" пунктчасынын төртүнчү-бешинчи абзацтары алып са-лынсын. 6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын-экономикалык саясатбөлүмүнө жүктөлсүн. 7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев