Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-февралы № 18/2
Барпы айыл өкмөтүнун 2020-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү , 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика болумунун башчысы М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Барпы айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп 33179,9 мин сом өлчөмүндө (анын ичинен бюджеттик каражат 30619,9 мин сомго, атайын каражат 2560,0 мин сомго) № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2021-жылга 23962,2 мин сом, 2022-жылга 24569,2 мин сом, тендоо грантынын божомолу 2021-жылга 10259,1 мин сом, 2022-жылга 9934,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Тендөө грантынын көлөмү 2020-жылга 10429,7 мин сом № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге № 3 тиркемеге ылайык жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 33179,9 мин сом өлчөмүндө (анын ичинен бюджеттик каражат 30619,9 мин сомго, атайын каражат 2560,0 мин сомго) № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-б сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү 876,1 мин кВт өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин. Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
6. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамаш-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2016-жылдагы № 701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 300,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
8. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык (01.06.-01.11.2019-ж) жүргүзүү жагы белгиленсин.
9. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403, 01.03.2017-ж № 131 жана 07.08.2017 жылдагы № 466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде № 7 тиркемеге ылайык , эмгек акы төлөө фонду 6878,6 мин сом өлчөмүндө 39 штат бирдиги менен бекитилсин.
10. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы: А.Каржоодиевке милдеттендирилсин. Жайыт жерлерине социалдык взносторду төлөө жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктөлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын эсеби 1274,0 мин сом өлчөмүндө (анын ичинен жайыт жер салыгы 137,8 мин сом, жайыт жерлердин ижара акысы 1136,2 мин сом) № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги № 8 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмге акы төлөө фонду 408,0 мин сом өлчөмүндө 8 штат бирдиги менен бекитилсин.
12. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн штат бирдиги № 9 тиркемеге ылайык 324,0 мин сом өлчөмүндө 6 штат бирдиги менен бекитилсин.
13. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы № 471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы № 241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
14. Айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы № 767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы № 672 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
15. Айыл өкмөтүнүн балансында турган С-100 тракторунун учурдагы ремонтуна жана керектүү запчастарына 60,0 мин сом, куйуучу майга 112,5 мин сом жалпы чыгымдары 172,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана коммуналдык чарба чыгымдары эсебинен каржылансын.
16. 2020-жылга башкаруу бөлумүнүн 2212 беренеси 73,2 мин сом, 2215 беренеси 1764,0 мин сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 140,0 мин сом, имараттар жана курулумалар 3111 беренеси 520,0 мин сом, машиналар жана жабдуулар 3112 беренеси 51,0 мин сом өлчөмүндө № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. 2020-жылга ЖХК бөлүмүнүн чыгымдары 2215 беренеси ар турдуу чыгымдар суммасы 260,0 мин сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 120,0 мин сом, учурдагы ремонт 2221 беренеси 1399,8 мин сом, машиналара жабдууларды алуу чыгымдары 1000,0 мин сом, имараттар курулумарлара 3111 беренеси 4550,0 мин сом, машиналар жана жабдуулар беренеси 190,0 мин сом өлчөмүндө № 12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. 2020-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдары ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 6410,0 мин сом, өлчөмүндө № 13 тиркемеге бекитилсин.
19. 2020-жылга билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2212 беренеси байыланыш кызматы 24,0 мин сом ,ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 520,0 мин сом, имараттар курулмалар чыгымдары 3111 беренеси 3200,0 мин сом, мүлктү учурда ондоо 2221 беренеси 400,0 мин сом, чарбалык буюмдарга 410,0 мин сом көмүр сатып алуу 2224 беренеси 784,0 мин сом, машиналар жана жабдуулар 3112 беренеси 50,0 өлчомүндө № 14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. 2020-жылга социалдык коргоо бөлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 690,0 мин сом өлчөмүндө №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. Балдар бакчаларындагы ата-энелерден 1ай үчүн төлөнүүчү каражат Арууке, Баластан, Жеткинчек, Жаш-канат бакчаларында 600 сом, Элхан бакчасында 500 сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин жана чогулган каражатты бюджеткке толугу менен төлөп иштетуу жагы балдар бакчаларынын жетекчилерине жекече милдеттендирилсин, аталган тартип бузуулар аныкталса 100 % республикалык бюджетке чегеруу белгиленсин.
22. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна, аренда бухгалтерине жеке милдеттендирилсин.
23. 2020-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
24. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевке жүктөлсүн.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
7. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет
Төрага | У. А. Абдыкулов |