Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-февралы № 18/3
2020-жылдын 1-январына калган калдык каражатты бөлүү жөнүндө
Барпы айыл өкмөтунун 2019-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин жана чыгашалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Барпы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмүтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан каржыланбаган 588,9 мин сом эркин калдыкты жана 2019-жылда такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган 1407,4 мин сом акча каражатын жалпы 1996,3 мин сом акча каражатын, Турк-абад айылына жаны мектептин имаратын курууга ПСД иш кагаздарын даярдоого, 2019-жылдагы курулган объектилерге технадзор кызматына акы төлөө, Тобой айылына курулуп жаткан тротуарлардын курулушу жана Б.Алыкулов орто мектебинин ашканасынын курулушу толук бүтпөй калгандыгын эске алып, Чөко-Дөбө айылындагы муниципиалдык менчикте турган спорт аянтчасынын айланасын тосуу үчүн төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалсын:
Төбөй айылындагы троутардын курулушуна -1000,0 мин сом;
Чөкө-Дөбө айылындагы спорт аянтчанын
айланасын тосууга -488,3 мин сом;
Б.Алыкулов мектебинин ашканасынын курулушуна -75,6 мин сом;
Технадзор жана ПСД иш кагаздарын даярдоо
кызматына -432,4 мин сом;
Жалпысы: -1996,3 мин сом
2. Атайын каражат эсебинде калган 22,9 мин сом калдык балдар бакчаларынын жетекчилеринин карылуусунун негизинде бакчалардын муктаждыктарына жумшалсын.
3. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап кучунө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |