Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-февралы № 18/4
Барпы ЖПК жайыт пайдалануучулар комитетинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезексиз ХVIII сессиясы күн тартибиндеги Барпы ЖПБ жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы: А. Каржоодиевдин 2020-жылга бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга жайыт пайдалануу тарифи бекитилсин.
2. Барпы Жайыт комитетинин 2020-жылга киреше бөлүгү 10274 миң сом бекитилсин.
3. Барпы жайыт комитетинин 2020-жылга карата чыгымдалуучу бюджеттик акча каражаттарынын чыгымдары 10651,1 сом бекитилсин.
4. Барпы жайыт комитетинин 2020-жылга керектелүүчу штаттык бирдиги бекитилсин.
5. Барпы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдагы аткарган иш-планы бекитилсин.
6. Барпы жайыт комитетинин пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш-планы бекитилсин.
7.Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
8.Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган
кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |