Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-февралы № 18/6
Төөлөс айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясынын күн тартибиндеги Төөлөс айылынын тургундарынын жаны көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагы Төөлөс айылындагы жаңы конуштагы бош көчөдөгү Момунов Дүйшөнүн үйүнөн Карабаева Шахранын үйүнө чейинки аралыкка эмгектин ардагери, Алыкулов Жолболдунун ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Төөлөс айылындагы жаңы конуштагы бош турган Момунов Дүйшөнүн үйүнөн Карабаева Шахранын үйүнө чейинки аралыктагы көчө эмгектин ардагери, Алыкулов Жолболду көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |