Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-февралы № 18/7
Чокмор айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясынын күн тартибиндеги Чокмор айылынын тургундарынын жаны көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагы Чокмор айылындагы жаңы конуштагы бош көчөдөгү Азимбаев Каримжандын үйүнөн Акматов Тынчтыктын үйүнө чейинки аралыкка эмгектин ардагери, Асанов Жоронун ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Чокмор айылындагы жаңы конуштагы бош турган Азимбаев Каримжандин үйүнөн Акматов Тынчтыктын үйүнө чейинки аралыктагы көчө эмгектин ардагери, Асанов Жоро көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |