Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-февралы № 18/10
Ардактуу Атуул наамы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сациалдык саясат жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттыкты сактоо кызматындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана Барпы айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып №15-16-үй бүлөлүк дарыгелер тобунун мед айымы: Бөрүбаева Мейликан Токтомаматовнага Барпы айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Бөрүбаева Мейликан Токтомаматовна Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу Атуулу” деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |