Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы №1
Могол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Могол айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы З.Укубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 16971,5 миң сом жана чыгаша бөлүгү 14386,6 миң сомго аткарылышы “канаттандырырлык” деп табылсын
2. Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясында айтылган сын-пикир, суроо талаптардын аткарылышы боюнча КЭБ башчысынын сунушу менен Айылдык Кеңештин кезектеги сессияларына маселе коюп туруу жагы Айылдык Кеңештин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу Могол айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Могол айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |