Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 5
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2020-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоого алуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2020-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2020-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Ишке ашкан инвестициялык микродолбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |