Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 10
Чарбак айылынынын шайлоочуларын эки шайлоо участкасына бөлүү жөнүндө
Могол айыл аймагынын Чарбак айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канаттандыруу максатында, шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамыны 13-беренесинин 4-пунктунун талаптарын аткаруу максатына Могол айыл аймагынын башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы Чарбак айылынын шайлоочуларынын саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынынын талаптарына ылайык Чарбак айылынын шайлоочулары эки шайлоо участкасына бөлүнсүн.
2. №2152 Чарбак шайлоо участкасын экиге бөлүү жана жаӊы шайлоо участкасын түзүү боюнча уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө аткаруу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде Чарбак айылында жаӊы шайлоо участкасын түзүп берүү Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |