Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 12
Могол айыл аймагында жайгашкан электр тармактар ишканасынын Ачы бѳлүмүнүн аянтын кеңейтүү жөнүндө
Могол айыл аймагынын Чарбак айылында жайгашкан электр тармактар ишканасынын Ачы бѳлүмүнүн ээлеген аянтын кеңейтүү боюнча Т.Омурзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Чарбак айылында жайгашкан электр тармактар ишканасынын Ачы бѳлүмүнүн ээлеген аянтын кеңейтүү боюнча Т.Омурзаковдун билдирүүсү кѳңүлгѳ алынсын.
2. Могол айыл аймагынын Чарбак айылында жайгашкан электр тармактар ишканасынын Ачы бѳлүмүнүн ээлеген аянтын кеңейтип жаңы курулуш жүргүзү үчүн тийиштүү мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап берүү жагы Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура жана мамлекеттик «Кадастр» ишканасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |