Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-апрели № 1
Могол айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги статьялар арасында жылдыруулар жөнүндө
Могол айыл аймагында жана жергиликтүү калк арасында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам чара кѳрүү максатында Могол айыл ѳкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги 2218-статьясындагы 231,0 миң сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө Могол айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы З.Укубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз XХI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги 709-11 бөлүмүнүн 2218-статьясындагы 231,0 миң сом акча каражатын 701-11 бөлүмүнүн 2215-бөлүмчөсүнө жылдырылсын.
2. Ушул токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу Могол айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Могол айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |