Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-июну № 2
Могол айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы штат бирдигин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүнжергиликтүү ѳз алдынча башкаруу чѳйрѳсүндѳгү айрым чечимдерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ” жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы тѳлѳѳ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жѳнүндѳ” токтомунун негизинде Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин жооптуу катчысы штат бирдиги бекитилсин.
2. Могол айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын айлык маянасынын ѳлчѳмдѳрүн мыйзам чегинде чегерүү Могол айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |