Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-июну № 3
Чарбак айылынын №16 К.Рахманов атындагы орто мектебинин территориясына машыгуу зал куруу жѳнүндѳ
Могол айыл аймагынын Чарбак айылынын жаштарынын арызы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чарбак айылынын №16 К.Рахманов атындагы орто мектебинин территориясына жаштар үчүн машыгуу залын курууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |