Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-июлу № 1
Кѳк-Тонду, Кара-Ой айылдарынынын шайлоочуларын эки шайлоо участкасына бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамыны 13-беренесинин 4-пунктунун талаптарын аткаруу максатына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиярындагы атайын ѳкүлүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №01-05/05 жана 30-сентябрындагы №01-05/06-каттарынын, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 03-июлундагы №01-10/1127-катынын негизинде Могол айыл аймагынын Кѳк-Тонду, Кара-Ой айылынын шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочуга жакын болгондуктан, Могол айыл аймагынын башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы Кѳк-Тонду, Кара-Ой айылдарынын шайлоочуларынын саны 2500 шайлоочуга жакын болгондуктан Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынынын талаптарына ылайык Кѳк-Тонду, Кара-Ой айылынын шайлоочулары эки шайлоо участкасына бөлүнсүн.
2. №2154 Правда шайлоо участкасын экиге бөлүү жана жаӊы шайлоо участкасын түзүү боюнча уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө аткаруу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде Кара-Ой айылында жаӊы шайлоо участкасын түзүп берүү Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |