Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 1
Кыска мѳѳнѳттүү тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №03-1/4068-маалымкаттын жетекчиликке алуу менен №16 К.Рахманов атындагы орто мектебинин ата-энелер жамаатынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы жыйынынын №1 токтомунун жана Чарбак айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин XХIV –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чарбак айылынын ата-энелер жыйынын 2020-жылдын 10-сентябрындагы №1 токтому бекитилсин.
2. Могол айыл аймагындагы №16 К.Рахманов атындагы орто мектебине кыска мѳѳнѳттү тайпа ачылсын.
3. Кыска мѳѳнѳтүү тайпаны ачуу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жана иш-кагаздарын даярдоого кѳмѳк кѳрсѳтүү Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айыл кенешинин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашовко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |