Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 2
Кыска мѳѳнѳттүү тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №03-1/4068-маалымкатын жетекчиликке алуу менен №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин ата-энелер жамаатынын 2020-жылдын 10-сентябрындагы жыйынынын №1 токтомунун жана Ооган-Талаа айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ооган-Талаа айылынын ата-энелер жыйынын 2020-жылдын 10-сентябрындагы №1 токтому бекитилсин.
2. Могол айыл аймагындагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебине кыска мѳѳнѳттү бала бакча ачылсын.
3. Кыска мѳѳнѳтүү бала бакча ачуу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жана иш-кагаздарын даярдоого кѳмѳк кѳрсѳтүү Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айыл кенешинин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашовко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |