Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 3
Кыска мѳѳнѳттүү тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №03-1/4068-маалымкатын жетекчиликке алуу менен Кара-Ой жана Кѳк-Тонду айылдарынын ата-энелер жамаатынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы жыйынынын №1 токтомунун негизинде Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой жана Кѳк- Тонду айылдарынын ата-энелер жыйынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы №1 токтому бекитилсин.
2. Могол айыл аймагындагы №32 «Умсунай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна 3-5 жаш курактагы балдарга (3 сааттык) кыска мѳѳнѳттү 2 мѳѳнѳт менен иштѳѳчү тайпа ачылсын.
3. Кыска мѳѳнѳтүү тайпа ачуу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жана иш-кагаздарын даярдоого кѳмѳк кѳрсѳтүү Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айыл кенешинин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашовко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Омурзаков |