Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 2
Могол айыл аймагындагы социалдык обьектилердин ремонту жана кышка даярдыгы жөнүндө
Могол айыл аймагындагы социалдык обьектилердин кышка даярдыгы жөнүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Эрмековдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII- чакырылышын кезектеги XXV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьектилердин ремонт иштери жана кышка даярдыгы «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Мектептердеги айрым кемчилдиктерди жоюу, мектептерге жана бала бакчаларга бѳлүнгѳн отун-кѳмүрлѳрдү максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө, электрэнергиясынан бѳлүнгѳн лимиттерди сактоо жана талапка ылайык иш алып баруу мектеп директорлоруна жана бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |