Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 3
Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну А.Базаркуловдун арызын кароо жөнүндө
Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну А.Базаркуловдун арызы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын тургуну А.Базаркуловдун Ачы токой чарбасынан ижарага алынган жерин мыйзамдаштырып берүү жѳнүндѳгү арызы канаттандырылсын.
2. Ачы токой чарбасынан ижарага алынган жерин мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Ачы токой чарбасынан суралсын.
3. Суралган жер аянтын трансформациялоо иштерин жүргүзүү Могол айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин агрардык, азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |