Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 4
Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургуну Б.Атахановдун арызын кароо жөнүндө
Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургуну Батырхан Атахановдун арызы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургуну Б.Атахановдун Ооган-Талаа айылындагы ооруканага атын коюп берүү жѳнүндѳгү арызы канаттандырылсын.
2. Ооган-Талаа айылындагы Могол аймактык ооруканасына маркум даарыгер Батырхан Атахановдун аты берилсин.
3. Ооган-Талаа айылындагы Могол аймактык ооруканасына наам берүү боюнча тиешелүү документтерин даярдоо башкы даарыгер Б.Абдирешевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Эрмековко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |