Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 5
Могол айыл аймагынын Кѳк-Тонду айылынын Катыраңкы участкасынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Могол айыл аймагынын Кѳк-Тонду айылынын Катыраңкы участкасынын тургундарынын жамааттык арызы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Кѳк-Тонду айылынын Катыраңкы участкасынын тургундарынын айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу кампа куруу үчүн жер ажыратып берүү жѳнүндѳгү жамааттык арызы канаттандырылсын.
2. Кѳк-Тонду айылынын Катыраңкы участкасынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуумаксатында суу кампа куруу үчүн жер ажыратып берүүгѳ тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Ачы токой чарбасынан суралсын.
3. Суралган жер аянтын трансформациялоо иштерин жүргүзүү Могол айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин агрардык, азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |