Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры № 16-2
Кызыл Туу айыл аймагынан Сузак аймактык шайлоо комиссиясына резервдерине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди айылдардагы жамааттардан чогулуш протоколдорунда негизинде көрсөтүлгөн талапкерлерди сунуштоо боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Джумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы жамааттардан көрсөтүлгөн төмөндөгү талапкерлер Сузак аймактык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына сунушталсын:
Сыдыков Сюнбек Асанович, 1972-жылы туулган
Мадмаров Жыргалбек Дыйканбаевич, 1986-жылы туулган
Пирматова Тиллакан Тешебаевна, 1977-жылы туулган
Маматкулов Жолборсказы Токтогулович, 1984-жылы туулган
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |