Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-1
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы №4-6 токтомун өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентине ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы №4-6 токтомун өзгөртүү жөнүндөгү Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы №4-6 токтомундагы “Кызыл-Сеңир айылынын Көк-Булак участкасы” сөзү- “Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасы” жана “Кызыл-Сеңир айылынын тургундарынын” сөзү “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарынын” болуп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |