Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-2
Жерди муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл чарба жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынан 21,0 га кайрыкы жер аянты мамлекеттик фонду жерлерине алынып каттоодон өткөрүлсүн.
2. 21,0 га аянтты айыл чарба багытындагы (кайраакы жер) жерлери категориясынан, турак жак курууга муктаж адамдар үчүн калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |