Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-3
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2021-2022-жылдардын долбоорлорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгашаларын, жайыт комитетинин киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жонундо айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-жылда айыл өкмөтүнүн трансферттер менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 27647,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен жергиликтуу бюджеттик каражаттын колому 15337,5 миң сомго, теңдөө грант эсебинен 9310,3 миң сомго, атайын каражат 3000,0 миң сомго №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитуудо тендоо грантынын божомолу 2021-жылга 8620,0 миң сом эсебинде, жергиликтуу бюджет 16970,0 миң сомго, 2022-жылга тендоо грантынын божомолу 8480,9 миң сомго, жергиликтүү бюджет 17582,0 мин сом эсебинде бекитилсин.
3. Теңдөө грантынын көлөмү 9310,3 миң сом өлчөмүндө бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгымдар №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө, эл.энергия төлөмү, көмүр сатып алуу) багытталсын.
4. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
5. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрү боюнча 3000,0 миң сом балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына 1650,0 миң сом №4 тиркеменин негизинде бөлүнүп берилсин.
6. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана үлүш жерлерден өндүрүлүүчү салыктарды өз убагында өндүрүү жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Мундуз айылындагы балдар бакчасынын курулушуна айыл өкмөт тарабынан 2000,0 миң сом, Ак Ниет жана Балапан балдар бакчасына видео байкооч коюу үчүн 30,0 миң сом жана Достук бала бакчасына кир жуучу машина алуу үчүн 20,0 миң сом бөлүнсүн. Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин долбоорлору үчүн 100,0 миң сом, мектептерге энерго паспортторун жаңылоо үчүн жана мамлекеттик акт жасатуу үчүн 190,0 миң сом, мектептердин жана бала бакчаларга учурдагы ремонту үчүн 200,0 миң сом, бала бакчалардын ар түрдүү чыгымдарына 80,0 миң сом, Алтын-уя бала бакчасына аренда акысына 60,0 миң сом бөлүнсүн. Спорт мектебинде, айылдарда спорт оюндарын жана улуттук оюндарды өткөрүп туруу үчүн 250,0 миң сом №4 тиркеменин негизинде каралсын.
8. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 150,0 миң сом жана кол тийгис фонд үчүн 100,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын, эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 120,0 миң сом, жана башка түрдүү чыгымдар болуп бардыгы 1130,0 миң сом бөлүнсүн. Сел каналдарды казуу үчүн 100,0 миң сом, ички жолдорду оңдоо иштери үчүн 400,0 миң сом, Айылдарда жаңы түшкөн көчөлөргө электр зымдарын тартуу үчүн бетон таянычтарын алууга 750,0 миң сом, Талаа Булак айылына ветсервис куруу үчүн 280,0 миң сом, Шатрак, Соку-Таш айылдарынын таза суусу үчүн винтиль коюуга 100,0 мин сом,Таштак Кызыл-Сенир айылдарына трансформатор алуу үчүн 250,0 миң сом, Мундуз айылына светофор коюу үчүн 250,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтүндө майрамдарды, белгилүү күндөрдү жана уюштуруу иштери үчүн 748,0 миң сом бөлүнсүн, компьютер, кондиционер алуу үчүн 50,0 миң сом, кенсе жана чарба товарларын алуу үчүн 125,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана айыл өкмөтүндө айылдар алыс жайгашкандыгын эске алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарына жана башкы соц адиси долбоорлор, мектептер менен иштөө үчүн өзүнүн жеке менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн жумуштарына пайдалангандыгы үчүн КР Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде күйүүчү май үчүн компенсация төлөнуп берилсин.
11. Өкмөт башчысына, өкмөттүн орун басарына, айылдык кеңешке сапар чыгымдарына жана маршуруттук жол кирээ чыгымдары үчүн 155,0 миң сом бекитилсин.
12. Аппарат бөлүмүнө электрондук системага өткөндүгүнө байланыштуу интернет төлөмү үчүн 28,0 миң сом, мектептер, райондор, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн айыл өкмөт башчысына 500 сом, орун басарына 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500 сом, айылдык кеңештин төрагасына 500 сомдон уюлдук телефон чыгымдарына айына төлөп берилсин.
13. Маданият бөлүмүндө жыл ичинде конкурстарды өткөрүү үчүн 80,0 миң сом, утурумдук ремонт иштери үчүн 40,0 мин сом бөлүнсүн.
14. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга, ата энеси жок балдарга жардам берүү үчүн 780,0 миң сом каралсын.
15. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 246,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
16. КР Өкмөтүнүн 20.06.2018-жыл №208-б буйругуна ылайык электр энергиясы үчүн 2018-жылга айыл өкмөтүнөн электр энергияга бөлүнгөн 1615,0 миң сом 606300 кВт лимит №10 тиркемеге ылайык бекитилсин, лимит сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана лимит сакталсын.
17. Айыл өкмөт аймагындагы жылытуу системасы көмүр, отун менен иштоочу мектеп, бала бакчаларга, көмүр алуу үчүн 680,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
18. КР Өкмөтүнүн 31-январь 2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде маданият кызматкерлерин 7 штат бирдиги кармалсын жана иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр менен айлык акылары 531,6 миң сом, социалдык фонд чегерүүсүнө 91,7 миң сом эсебинде бекитилсин.
19. Башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктери №13-тиркемеге ылайык бекитилсин, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде 7935,1 миң сомго айлык акыларына, соц.фонд чегерүүсүнө 1173,3 миң сом эсебинде бекитилсин.
20. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын №52 беренесине ылайык айыл өкмөтүндө 17 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана КР Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2020-жылга чыгашалары 613,0 миң сомго бекитилсин. Жайыт жерлерди ижарага берүүдө келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана социалдык фонд төлөмүн ижарачы өзү төлөөрү келишимде көрсөтүлсүн.
22. Жыл ичинде пландык көрсөткүчтөрдөн кошумча жыйналган кирешелер КРБК ылайык пайдаланылсын.
23. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
24. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
25. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |