Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-4
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Ы.Чанаков атындагы орто мектептин мугалими Касымова Эркайым “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
2. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |