Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 17-5
Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31- октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу №512 токтомуна ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын сугат айдоодогу 11,47 га жер аянттарын калктуу конуштар категориясына которуу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2006-жылдын 30-майындагы №19 токтомун эске алып, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №7 контурундагы 3,8 га, №362 контурдагы 1,5 га, №304 контурдагы 1,27 га, №324 контурдагы 1,92 га, №583 контурдагы 3,0 га, жалпысы 11,47 га айыл чарбасынын сугат айдоодогу жер аянттарына турак-жай курулуп калгандыгына байланыштуу, айыл чарбасынын сугат айдоо категориясынан, калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жайгашкан жалпы 11,47 га айыл чарбасынын сугат айдоодогу жер аянттарын, айыл чарбасынын сугат айдоо категориясынан, калктуу конуштар категориясына которууга токтомду бекитип берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маканбаев |